
.
Бишкек шаарынын Ленин районундагы Чынгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан "Эркин экономикалык аймактын" (СЭЗ Бишкек) аймагында кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.
Тилсиз жоо саат 02:58де чектөөгө алынып, саат 05:58де толук өчүрүлгөн.
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, өрттүн аянты болжол менен 900 чарчы метрди түзгөн. Тилекке каршы өрт кырсыгынан 1 чет элдик жаран каза каза болгон.



