
Бишкек шаарындагы карылар үйүндө чыккан өрт фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Бишкек шаарындагы карылар үйүндө чыккан өрт фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу» беренеси боюнча иликтенүүдө.
Эске салсак, 6-январь күнү өзүнчө жайгашкан паллиативдик бөлүмдүн палатасында өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен оор абалдагы эки адам каза болгон.
ӨКМдин маалыматына караганда, өрттү өчүрүүгө төрт өрт өчүрүүчү бөлүм жана ыкчам штаб тартылган. Өрт толугу менен өчүрүлгөн. Жалпысынан 11 адам ооруканага жеткирилген, алардын арасында бир өрт өчүрүүчү да бар.







