
Назарбаевдин чет өлкөгө чыгышына мыйзамдык чектөө киргизүү сунушталды
Казакстан парламентинин Мажилис депутаты Ермурат Бапи мамлекеттик сырды билген мурдагы жогорку кызматтагы аткаминерлердин чет өлкөгө чыгышын мыйзам менен чектөөнү сунуштады. Бул тууралуу Orda.kz жазды.
Анын айтымында, мындай чектөөлөр экс-президенттерге, министрлерге жана жогорку жетекчи кызматтарда иштегендерге тиешелүү болушу керек. Депутат бул тизмеге Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевди да кошту.
Демилгеге Назарбаевдин жакында Владимир Путин менен Кремлде жолугушуусу себеп болгон. Бапи мындай сапарлар улуттук коопсуздукка коркунуч жаратышы мүмкүн экенин билдирди.
Ал эл аралык тажрыйбаны, анын ичинде Кытайдагы чектөөлөрдү мисал келтирип, мамлекеттик сырды билген адамдар үчүн алдын ала көзөмөл механизмин киргизүүнү сунуштады.
Эске салсак, Назарбаев менен Путин 27-декабрда жолуккан. Бул алардын 2025-жылдагы экинчи жолугушуусу болду.




