
Москва шаарында 27 жаштагы кыргызстандык такси кызматындагы айдоочу жол талаштан чыккан жаңжалдан улам травматикалык тапанча менен жаракат алды. Окуя «KIA» жана «Geely» үлгүсүндөгү унаалардын айдоочуларынын ортосундагы чырдан кийин болгон. Readovka’нын маалыматына ылайык, «Geely» унаасынын 39 жаштагы айдоочусу такси кызматындагы айдоочуну атып, натыйжада ал рулду башкара албай, унаасы менен сүзүлгөн. Андан кийин ок аткан айдоочу качып […]
Москва шаарында 27 жаштагы кыргызстандык такси кызматындагы айдоочу жол талаштан чыккан жаңжалдан улам травматикалык тапанча менен жаракат алды. Окуя «KIA» жана «Geely» үлгүсүндөгү унаалардын айдоочуларынын ортосундагы чырдан кийин болгон.
Readovka’нын маалыматына ылайык, «Geely» унаасынын 39 жаштагы айдоочусу такси кызматындагы айдоочуну атып, натыйжада ал рулду башкара албай, унаасы менен сүзүлгөн. Андан кийин ок аткан айдоочу качып кеткен.
Такси кызматындагы айдоочу ооруканага жеткирилип, полиция кылмышка шектүүнү кармады. Россиядагы Кыргызстандын өкүлчүлүгү бул окуя боюнча расмий маалымат бере элек.



