
2025-жылдын 16-январында Улуттук коопсуздук мамлекеттиккомитетинин Академиясынын имаратында, КР Министрлер КабинетининТөрагасынын орун басары –УКМК төрагасы, генерал-полковник К.К.Ташиев,КР Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилигинин (орунбасарлары), ЖОЖдордун ректорлорунун, кесиптик лицейлердин жанаколледждердин директорлорунун катышуусунда профилактикалык кеңешме өткөрдү. Жолугушууда УКМК төрагасы КР Жогорку билим берүүсистемасынын кызматкерлерине улуттук коопсуздук органдары тарабынан

2025-жылдын 16-январында Улуттук коопсуздук мамлекеттиккомитетинин Академиясынын имаратында, КР Министрлер КабинетининТөрагасынын орун басары –УКМК төрагасы, генерал-полковник К.К.Ташиев,КР Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилигинин (орунбасарлары), ЖОЖдордун ректорлорунун, кесиптик лицейлердин жанаколледждердин директорлорунун катышуусунда профилактикалык кеңешме өткөрдү.

Жолугушууда УКМК төрагасы КР Жогорку билим берүүсистемасынын кызматкерлерине улуттук коопсуздук органдары тарабынанаткарылып жаткан иштердин жыйынтыктары тууралуу кыскача маалыматберди. Алсак, 2020-жылдын октябрынан азыркы учурга чейинки аралыктатарыхта биринчи жолу мамлекетке 168 миллиард 287 миллион сомөлчөмүндөгү ири зыяндын орду толтурулду.1174 объект мамлекеттинменчигине кайтарылды (жер, бала бакчалар, пансионаттар, стадиондор,заводдор ж.б.). Ал эми 1373 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылганы маалымдалды.
Жогоруда көрсөтүлгөн мезгил аралыгында билим берүү тармагыбоюнча УКМК тарабынан жогорку билим берүү системасынын 34кызматкери – 4 ректор, 1 проректор, 10 директор, 6 декан жана алардын орунбасарлары, 13 окутуучу кылмыш жоопкерчилигине тартылган.Коррупциялык көрүнүштөргө аралашкандыгы үчүн 42 кызматкер ээлегенкызматынан бошотулуп, жумуштан алынган. Мамлекеттин кирешесине 207млн 700 миң сом кайтарылган.
Билим берүү тармагындагы коррупция учурлары ар түрдүү формаларга, коррупциялык зоналарга ээ болуп, мындай мыйзам бузуулар көп кездешет. Тагыраагы, ЖОЖдордунишмердүүлүгүн лицензиялоо жана аккредитациялоо, ЖОЖго кирүү,ЖОЖдордун билим берүү ишмердүүлүгү, ЖОЖдордун финансылык-чарбалык ишмердүүлүгү, ЖОЖдордогу мамлекеттик сатып алуулар,ЖОЖдордун кадр саясатын ишке ашыруу, бул билим берүү тармагындагыкоррупциялык зоналардын жана тобокелдиктердин толук тизмеси эмес,айрым ак ниетсиз ЖОЖдун окутуучулары жана жетекчилери академиялыкбүтүндүктү сактабастан өздөрүнүн окуу жайында коррупциянынжайылышына өз салымын кошуп жаткандыгы белгиленди.Аны менен катар К.Ташиев «Коррупцияга каршыаракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамактыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынын нормаларына ылайык, 2025-2026-жылдары КР УКМКөлкөдөгү коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин кыскартууну пландапжатканын, бүгүнкү күндө көрсөткүч 30-40 пайыздык деңгээлде болуп, ал эмимурдагы мезгилдерде үрөй учурган 70-80 пайызды түзгөндүгүн билдирди.Сөзүнүн аягында УКМК төрагасы коррупция сыяктуу ыплас иштерменен биргелешип күрөшүү керектигин айтып, ар бир кызматкерди таза жана адилеттүү иштөөгө, жемкорлукту жок кылууга чакырды.



