
Кыргызстандык спортчу Акназар Кенжебаев шахбоксу боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынды. Маалымат mfb_aktau баракчасына чыкты. Маалыматка караганда, 28-октябрдан 2-ноябрга чейин Ричсон шаарында (Италия) шахбоксу боюнча 5-Дүйнөлүк чемпиондук өттү. Кенжебаев 90 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, 1/4 финалдан баштаган. Биринчи беттеште кыргызстандык Түркиядан келген спортчуну 59 секундда жеңип алды. Жарым финалда Кенжебаев Франциянын өкүлүнөн күчтүү болуп, финалда орусиялыкты утуп
Кыргызстандык спортчу Акназар Кенжебаев шахбоксу боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынды. Маалымат mfb_aktau баракчасына чыкты.

Маалыматка караганда, 28-октябрдан 2-ноябрга чейин Ричсон шаарында (Италия) шахбоксу боюнча 5-Дүйнөлүк чемпиондук өттү.

Кенжебаев 90 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, 1/4 финалдан баштаган. Биринчи беттеште кыргызстандык Түркиядан келген спортчуну 59 секундда жеңип алды. Жарым финалда Кенжебаев Франциянын өкүлүнөн күчтүү болуп, финалда орусиялыкты утуп алды.



