
Лейлек РИИБдин милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү милициянын майору Зулпудин Аширов менен маек курдук. Каарманыбыз 50 жашта, 2 кыз, 2 уулдун атасы. Лейлек районунун Агартуу айылында (азыркы Ак-Босого) төрөлгөн. Учурда Лейлек РИИБде милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү болуп кызмат өтөйт. Ал кантип милиция кызматкери болуп калганын жана кандай таасирдүү окуяларга туш болгонун төмөнкүдөй кылып баяндап […]
Лейлек РИИБдин милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү милициянын майору Зулпудин Аширов менен маек курдук. Каарманыбыз 50 жашта, 2 кыз, 2 уулдун атасы. Лейлек районунун Агартуу айылында (азыркы Ак-Босого) төрөлгөн. Учурда Лейлек РИИБде милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү болуп кызмат өтөйт. Ал кантип милиция кызматкери болуп калганын жана кандай таасирдүү окуяларга туш болгонун төмөнкүдөй кылып баяндап берди.

Мен алгач Лейлек районунда спорттун каратэ-до түрү боюнча машыктыруучу болуп жүрдүм. Өзүм дагы райондогу иш-чараларда бел күрөш боюнча жарыштарга көп катышам, көп белектердин ээси элем. 2004-жылдын 21-мартында Нооруз майрамында Лейлек районундагы стадионунда майрам болуп, майрамдан соң күрөш болду. Ошондо 110 килограммдык атаандашым менен майданга чыгып, аны бат эле жеңип койдум. Стадион толо эл сүрөп, мени колдоп турду. Күрөштүн финалындагы жеңүүчүгө баш байгеге ошондо 8 сотых жер коюлган болчу. Мен өзүм дагы ошол байгени утуп алам деп ойлогон эмесмин. Ошентип ошол байге меники болду. Анан эртеси эле мени Лейлек РИИБдин начальниги чакырып жатат деп калды тааныштарым. Бир нерседен адашып, мыйзам бузуп койдумбу деп чочулап бардым бөлүмгө. Бөлүмдүн начальниги жаш жигит экен, аты-жөнүн айтты-Бакыт Матмусаев деп. Ал иш бөлмөсүнөн мени жайдары карап, элпек күтүп алды. Ошондо да сестенип турам, эмнеге чакырды экен деп. Ал ал-жайымды сураган соң, милицияга эле жумушка кирбейсизби, сиздей спортту сүйгөн кызматкерлер керек бизге деди. Мен сүрдөгөнүмдөнбү жок дей албай дароо макулмун деп жооп бердим. Ошентип ошол 2004-жылы 31 жашымда Кыргыз Республикасынын ИИОна кабыл алынып, коштоп жүрүү кызматында бир топ жыл иштедим. Кийин ушул эле бөлүмдө нөөмөтчү болуп, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору, аймактык тескөөчү болуп кызмат өтөдүм. 2013-2015-жылдары Баткен районунун Ак-Сай айылдык милиция бөлүмчөсүндө аймактык тескөөчү болуп иштеген кезимде чек арада эки элдин ортосунда тынбай чыр-чатактар көп болчу. Алардын айрымдары гана коомчулукка билинип дүң этсе, көбүн эсе коңшулаш кесиптештерибиз менен ич ара сүйлөшүп чечип койчубуз.
Үй-бүлөм менен азыркы учурда баягы күрөштөн утуп алган жерге үй салып, Раззаков шаарында жашайм. Балдарым дагы, кыздарым дагы милиция кесибине кызыккан жок, алар өз жолдорун тандап кетти. Алардын оюн сыйлап, кызыккан тармактарына окуттум. Өзүм болсо милицияда иштеп жүрсөм да күрөш болгон жерлерге сөзсүз барып, майданга чыгып жүрдүм. Ал кесипти таштаганыма аз эле болду, эми бизден кийинки жаштар күрөшсүн.2012-жылдары экени эсимде, ал кезде Исфана шаары болчу. Мен тейлеген аймакта чакыруу болуп, барсам үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам, күйөөсү аялын уруп сабап, анысы аз келгенсип бычактап салыптыр. Шашып-бушуп жетип барып окуяны көрүп эле дароо тез жардам чакырдым. Аялы ооруканага жетпей каза болуп калды, күйөөсү соттолуп кетип жакында эле түрмөдөн чыгып, каза болуп калды. Муну менен эмнени айтайын дедим. Негизинен коомчулукта үй-бүлөлүк зомбулуктар көп. Баары эле милиция чакырып, элге билингиси келбейт. Элет жеринде менталитет башка, эл намыстуу болушат. Качан гана аягы ушундай аянычтуу болгондору гана милицияга кабар берет. Ар бир инсандын аң-сезими пайда менен зыянды ажырата билмейинче, ошондой эле эмоциясын башкара алмайынча зомбулуктар боло берет деп ойлойм. Канчалаган чакырууларга чыгып, маселени жеринде чечтим. Милицияга ыраазы болгондор жок эмес. Милицияга нааразы болгондор булар мыйзам түрүндө жооп бергендер деп ойлойм, анткени алар жасаган кылмышына жараша жооп бердида.Жыл башынан бери кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде жарандарга 32 протокол толтуруп, чыр-чатак салган үй-бүлөгө 2 коргоо ордерин бердим. Бир мал уурулук, эки алдамчылык фактыларынын бетин ачтым. Эми ардактуу эс алууга чыкканга чейин коомдук тартипти көзөмөлдөп, элге кызмат кыла беребиз деген ойдомун.
Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы






