
Бишкекте түзүмдүк бөлүмдөрдүн, райондук администрациялардын жана Бишкек шаардык кеңешинин кызматкерлеринин арасында Бишкек шаарынын мэринин Кубогу-2023 мелдешинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Ачылыш аземи мэрдин орун басары Виктория Мозгачеванын жана Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин директору Жоомарт Шамкановдун катышуусунда өттү. Мелдештер спорттун 8 түрү боюнча өткөрүлөт:1. кичи-футбол2. волейбол3. […]
Бишкекте түзүмдүк бөлүмдөрдүн, райондук администрациялардын жана Бишкек шаардык кеңешинин кызматкерлеринин арасында Бишкек шаарынын мэринин Кубогу-2023 мелдешинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Ачылыш аземи мэрдин орун басары Виктория Мозгачеванын жана Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин директору Жоомарт Шамкановдун катышуусунда өттү.

Мелдештер спорттун 8 түрү боюнча өткөрүлөт:1. кичи-футбол2. волейбол3. стол тенниси4. шахмат5. дартс6. аркан тартыш7. бильярд8. сууда сүзүү
Мелдештин максаты — Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу жана түзүмдүк бөлүмдөрдө дене тарбия жана спортту андан ары өнүктүрүү, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин тартуу болуп саналат.
Спартакиада 7-октябрда башталып, 2023-жылдын 4-ноябрында аяктайт.



