
Кыргызстандын спорттук күрөш боюнча (эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү жана грек-рим күрөшү) курама командасы 16-24-сентябрь күндөрү Белград шаарында (Сербия) өтө турган Дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган мелдеш 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алуу мелдеши болуп эсептелинет. Белгиленгендей, беттештер 10 салмак категориясында өтүп, жалпы […]
Кыргызстандын спорттук күрөш боюнча (эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү жана грек-рим күрөшү) курама командасы 16-24-сентябрь күндөрү Белград шаарында (Сербия) өтө турган Дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган мелдеш 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алуу мелдеши болуп эсептелинет.
Белгиленгендей, беттештер 10 салмак категориясында өтүп, жалпы 90 квота ойнотулат.
16-18-сентябрь күндөрү эркин күрөш боюнча курама команда беттешет. Улуттук курама команданы улук машыктыруучулар Сүймөнкул Таабалды уулу, Ислам Тазабеков жана башкы машыктыруучу Руслан Маджинов жетектейт.
Эркин күрөш боюнча курама команда:
— 57 кг Алмаз Сманбеков;— 65 кг Икромжон Хаджимурадов;— 70 кг Эрназар Акматалиев;— 74 Арсалан Будажапов;— 86 кг Нарбек Изабеков;— 97 кг Каныбек Абдулхаиров.
18-21-сентябрь күндөрү кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер өтөт. Улуттук курама команда улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев, башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жана Билимбек Капарбековдун жетекчилиги алдында беттеш өткөрүшөт.
Кыз-келиндер күрөшу боюнча курама команда:
— 59 кг Кальмира Билимбек кызы;— 62 кг Айсулуу Тыныбекова;— 68 кг Мээрим Жуманазарова;— 72 кг Нурзат Нуртаева;— 76 кг Айпери Медет кызы.
21-24-сентябрь күндөрү грек-рим күрөшү боюнча беттештер өтөт. Улуттук курама команданы улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков,башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев жана Мейрамбек Ахмедов жетектеп чыгат.
Грек-рим күрөшү боюнча курама команда:
— 60 кг Жоламан Шаршенбеков;— 67 кг Амантур Исмаилов;— 77 кг Акжол Махмудов;— 87 кг Азат Салидинов;— 97 кг Бексултан Махмудов.



