
Кыргызстандын каратэ шотокан боюнча курама командасынын мүчөлөрү Дьёр шаарында (Венгрия) өткөн 14-Дүйнө чемпионатында 13 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен бешөө алтын, үчөө күмүш жана бешөө коло медаль. Алтын медалдын ээлери: 1. Максат Батырбеков (16-17 жаш, кумитэ);2. Максат Батырбеков , (15-17 жаш командалык беттеш);3. Адилхан Монолдоров (15-17 […]
Кыргызстандын каратэ шотокан боюнча курама командасынын мүчөлөрү Дьёр шаарында (Венгрия) өткөн 14-Дүйнө чемпионатында 13 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен бешөө алтын, үчөө күмүш жана бешөө коло медаль.

Алтын медалдын ээлери:

1. Максат Батырбеков (16-17 жаш, кумитэ);2. Максат Батырбеков , (15-17 жаш командалык беттеш);3. Адилхан Монолдоров (15-17 жаш командалык беттеш);4. Эльмырза Байышов (15-17 жаш командалык беттеш);5. Самуил Койчубеков (15-17 жаш командалык беттеш);

Күмүш медалдын ээлери:

1. Азалия Бейшеналиева (12-13 жаш ката);2. Эльмырза Байышов (14-15 жаш ката);3. Эльмырза Байышов (14-15 жаш кумитэ);
Коло медалдын ээлери:
1. Имран Абдугуламов (12 жаш, кумитэ);2. Айдар Жолчиев (12-13 жаш кумитэ);3. Фарух Акбаралиев (18-19 жаш кумитэ);4. Абдибек Апсатаров (20-39 жаш -65 чейинки салмактан, кумитэ);5. Самарбек Долотбаев (20-39 жаш -85 кг салмакта, кумитэ).
Белгилей кетсек, курама команда машыктыруучулар Ан Иннокентий, Бекмурза Эргешов жана Мирлан Утуровдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Мелдеш 25-27-август күндөрү өтүп, ага 50 мамлекеттен 1000 ден ашык спортчу катышкан.



