
Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Дүйнө чемпионатына жана Эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департамент...
Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Дүйнө чемпионатына жана Эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Окуу-машыгуу жыйыны 22-июнда башталган, 14-июлга чейин уланат.
Курама команданын тизмеси
Айсулуу Тыныбекова (62 кг); Айпери Медет кызы (76 кг); Мээрим Жуманазарова (68 кг); Дилназ Сазанова, Жаркынай Нурлан кызы (65 кг); Нурзат Нуртаева, Кайыргүль Шаршебаева (72 кг); Айдай Нуридинова, Айтолкун Медет кызы, Таңчолпон Кыбалбекова, Акылай Чыныбаева, Азиза Келдибекова, Бермет Нурдин кызы, Калмира Билимбекова (57 кг); Гүлнур Таштанбекова, Элина Бакытова (69 кг); Арууке Кайыкбекова Албина Салымбекова (55 кг); Аяна Асаналиева (59 кг); Азема Калидинова (48 кг); Асема Төрөгелдиева (50 кг); Айжаркын Жаныбекова (53 кг); Рысбек Максүтов спаринг-өнөктөш; Икром Максат уулу спаринг-өнөктөш; Байгазы Кенжебаев улук машыктыруучу; Нурбек Изабеков башкы машыктыруучу. Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2023-жылга карата окуу-машыгуу жыйындарынын календардык планына ылайык өткөрүлүп жатат.



