Мурдагы күйөөсү тарабынан кулак-мурду кескиленген Асель Ногойбаева тууралуу баш прокурор айтты.

Эске сала кетсек Бишкек шаарында 2023-жылы Асель Ногойбаеванын мурдагы күйөсү кулак-мурдун кескилеп салган. Окуя териштирилип, сотко өткөрүлүп, Азамат Эстебесов 20 жылга эркинен ажыратылган.

Асель Ногойбаева соттун чечимине нааразы болуп 2024-жылдын 8-мартында кайрылуу жасаган.

⠀Асель Ногойбаева:
“Мен жалгыз эмесмин. Менин баяным Кыргызстан боюнча тагдырлары талкаланган жүз миңдеген аялдардын окуясы. Зордук-зомбулукка күнөөлүүлөрдүн баары жазаланмайынча, бул эч качан бүтпөйт, зомбулук улана берет. Бир эле жолу урдум деп, же балдар үчүн чыдап отура бербеш керек. Эже-сиңдилер, өз укугуңарды, өмүрүңөрдү, ден соолугуңарды коргогула! Зордук-зомбулукка чыдабагыла, макул болбогула», — деп чакырды Асел.

Ал полицияга жана сотторго да кайрылган. «Урматтуу милиция кызматкерлери, көп учурда жардамга үмүттөнгөн жалгыз адамсыңар. Зордук-зомбулукка көз жумба! Мүмкүн болсо тезирээк жардамга келиңиз. Зордуктаганды аялдан ажыратууга колдон келгендин баарын кылгыла.

Соттор, зордук-зомбулукка байланыштуу иштерге өзгөчө көңүл буруңуздар. Көптөгөн аялдар күйөөсү же мурунку күйөөсү тарабынан өлтүрүлөт. Зордуктагандар мурда камалса, бул өлүмдөрдүн алдын алса болмок”.

От admin

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *