Бакай-Ата районунун Ынтымак айылында 375 орундуу мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Мамкурулуштун директорунун орун басары Талант Иманакун уулу Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында аталган мектептин курулушун көзөмөлгө алды.
Белгиленгендей, мектептин курулуш иши толук аяктап, жакын арада ачылуу алдында турат.
Курулуш иштерин «Биор Плюс» ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүдү. Мектептин жалпы аянты – 2859,2 м2, 1-кабат — 1574,6 м2, 2-кабат – 1284,6 м2, спорт аянтча – 278,8 м2 жана 17 окуу классты түзөт.

От admin

Добавить комментарий