КР УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго жана ар кандай деструктивдүү элементтерге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту «Уюшкан кылмыштуу топ тарабынан опузалап пара талап кылуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин жүрүшүндө, 2024-жылдын 29-апрелинде “А.Л.” ЖЧК өкүлдөрүнөн 1 млн. 200 миң сом өлчөмүндө акча каражаттарын алуу учурунда КР жарандары О.Ч.Э. жана К.М.Т. пара менен кармалды.
Жогоруда аталган адамдар кылмыштуу бүтүмгө кирип, ЖМКда финансылык мыйзам бузуулар тууралуу видео материалдарды жарыялоо, ошондой эле укук коргоо жана башка көзөмөлдөөчү органдарга кайрылуу жолу аркылуу ишкерлерге шантаж кылып, акча каражатын опузалап алуу боюнча схема уюштурган. Тагыраагы, аталган жарандар өздөрүнүн кылмыштуу ниеттерин ишке ашыруу, ошондой эле жогоруда аталган ЖЧКнын жетекчилигин акча каражаттарын берүүгө көндүрүү максатында буга чейин КР Президентинин, КР Башкы Прокуратурасынын, КР УКМК, КР ИИМ жана КР Финансы министрлигине караштуу МСКнын дарегине компаниянын ар кандай финансылык жана салыктык мыйзам бузуулары жөнүндө бир катар арыздарды жана кайрылууларды жолдошкон.
Кармалгандар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда алардын алдамчылык мүнөздөгү башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

От admin

Добавить комментарий