Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна 500 млн доллар бөлүүнү пландап жатат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтмында, Акылбек Жапаровдун АКШнын Вашингтон шаарына болгон иш сапарынын жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын жетекчилиги Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна 500 млн доллар бөлүүгө даяр экендиктерин билдиришкен.

“Бул маселе боюнча так жооп жаңы жылга чукул банктын директорлор кеңешинин жыйынынан соң берилет. Эгер жактырылса, каражат 250 млн доллардан бөлүп берилет”, – деди ал.

Ошондой эле мекеменин жетекчиси белгилегендей, сапардын алкагында Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбооруна кызыгып жаткан бардык донорлор менен, ошондой эле Азия өнүктүрүү жана Азия инвестиция банктарынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүрдү.

“Азия өнүктүрүү банкы долбоорго Дүйнөлүк банктан кем эмес акча каражатын салууга даяр экендигин билдирди”, – деди министр.

От admin