2024-жылдын 12-апрель күнү болжол менен саат 21:40 чамасында Бишкек шаарындагы ишканалардын биринде күзөтүп кызматта турган ИИМдин Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунун милиция кызматкери имараттын айлана-тегерегине кайгуул жүргүзүү учурунда, түндүк тарабындагы бактардын жанында 3 шектүү адам чөптөрдүн арасынан бир нерсе издеп жатышканын көрүп, шеригин чакырып, шектүү адамдардын жанына барышкан.
Алардын өздүгүн жана эмне издеп жатышкандыгын тактоо үчүн аларды кармашып, издеп жатышкан жерди жакшылап караганда кызыл түстөгү, скотчтолгон шектүү белгисиз зат жатканын көрүшүп, ошол эле замат 102 кызматына билдиришип, Бишкек ш. Октябрь райондук ИИБдин тергөө тобун чакырышкан.
Шектүү катары кармалган жарандар 1986-жылы туулган Ш.М.Д., 1985-жылы туулган И.А.Э., 1990-жылы туулган Т.Б.Т. болуп, инсандыгы такталган.
Жогоруда кармалышкан адамдар жана табылган баңгизатка окшош шектүү зат Бишкек ш. Октябрь РИИБнын №4 ШМБнүн тергөө кызматына билдирме аркылуу өткөрүлүп берилди.
ИИМдин Басма сөз кызматы

От admin

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *