Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча каралган кылмыштын белгилери туралуу катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ново-Повровск жана Люксембург айыл аймактарынын аймагындагы 11 гектар  жер  тилкелерине менчик укугун мыйзамсыз каттоо жана легалдаштыруу үчүн соттун чечимдерин бурмалоо, мамлекеттик органдардын ишин жасалмалоо фактылары аныкталды.

Мекемеден билдиргендей, жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары кызматынын филиалынын мурдагы жетекчиси М.Ш., ошондой эле жер мафиясынын уюштуруучулары С.А. жана  Р.М. кармалып, алар Бишкек шаарынын Октябрь сотунун токтомунун негизинде КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

 Азыркы учурда КР УКМК тарабынан ыкчам-ергөө иш-чаралардын алкагында жогоруда аталган фактыга катыштыгы бар башка кызмат адамдарын  аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

От admin

Добавить комментарий