Сабалган үч жашар кыздын эжекеси кызга акча чогултуп жатканын четке кагууда. Аялдын видео кайрылуусун укук коргоочу Назгүл Турдубекова интернетке жарыялаган.

Аялдын айтымында, кыздын операциясына туугандары акча чогултушкан эмес.

«Биз акча чогулткан жокпуз. Кызга операция жасалат операция жасалат. Бирок азырынча операцияга канча акча керектелээри белгисиз», — деди аял жана бардык чогултуу шылуундар тарабынан жүргүзүлүп жатканын эскертти.

Эскерте кетсек, 29-апрель күнү саат 14:20 чамасында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө ооруканага Буденовка айылынан 2021-жылы туулган Р.Н. аттуу кичинекей кыз денедеги көгала тактары менен келип түшкөндүгү кабарланган.

Аталган факты Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин «Кыйноо» беренеси боюнча кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.

Жашы жете элек кызды сабаганга шектелип өгөй атасы 1996-жылы туулган М.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

От admin