Таласта 8-май күнү Улуу Ата Мекендик согуштун дагы бир ардагери Араке Арстанбеков 98 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Турмуш басылмасы жазды.

Согуш аяктап, демобилизация болгондон кийин ардагер тигүү өндүрүшүндө иштеп, кийин кичи мекенинде колхоздо эмгектенген.

Россиянын Бишкектеги илим жана маданият үйү 17-апрель күнү Россия администрациясынын делегациясы Араке Арстанбековдун абалын сурап барганын билдирди. Делегациянын башчысы Игорь Маслов ардагердин үй-бүлөсүнө көңүл айтуу телеграммасын жөнөтүп, эрдиги унутулбай турганын белгилеген.

От admin