Бишкектин Биринчи май райондук соту журналисттер Жоодар Бузумов, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу жана Сайпидин Султаналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды.

Ушуну менен Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен камакка алынган 11 журналисттин төртөө – Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта калды.

Бишкек шаардык соту 5-апрелде “Арча Медиада” (мурдагы Next TV) иштеген журналист Сайпидин Султаналиевдин бөгөт чарасы боюнча апелляциялык арызын карап, аны 12-майга чейин абакта калтырган чечим чыгарган.

От admin