Монополияга каршы кызматтын жетекчисинин мурдагы орун басары Акжолтой Тукунов кармалды. Чүй ОИИБден билдиришкендей, Тукунов массалык башаламандыкка чакырык жасоого шектелүүдө.

19-апрелде анын бөгөт чарасы каралып, эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган. Сот анын кармалышын мыйзамсыз деп тапткан.

Бүгүн, 26-апрелде Чүй ОИИБ маалымат таратып, анын кармалышы мыйзамдуу деп табылып, камакка алынганын билдиришти. Жасалган кылмыштын оордугуна карабастан, Аламүдүн райондук соту тарабынан шектүү мыйзамсыз кармалган делип, 16-июнга чейин эч жакка кетпөө тууралуу тил каты менен бошотулган. Чүй ОИИБ мунун үстүнөн аппеляциялык арыз менен кайрылды.

26-апрелде Чүй облустук сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы арызды карап, жарандын камакка алынышын мыйзамдуу жана негиздүү деп тапкан жана ал 17-июнга чейин камакка алынды. 

От admin