Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамовдун Кыргыз Республикасына 2024-жылдын 9-апрелинде расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен тар жана кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрү болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки мамлекеттин ортосундагы эки тараптуу стратегиялык жана боордоштук мамилелерди мындан ары дагы кеңейтүүнүн учурдагы абалын жана перспективаларын карашты.

Кыргызстан менен Азербайжандын ТИМ башчылары соода-экономикалык кызматташтыктын динамикасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн ырастап, экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча биргелешкен кыргыз-азербайжан өкмөттөр аралык комиссиянын иши, бизнес-форумдарын өткөрүү  жана Азербайжан-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун инвестициялык долбоорлору аркылуу эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү деңгээлин жогорулатуу боюнча биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого даярдыгын белгилешти. Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы транспорттук-логистикалык, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана гидроэнергетика тармагындагы инвестициялык кызматташтыкты активдештирүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Сүйлөшүүлөрдө тараптар үстүбүздөгү жылы жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды, Кыргызстан жана Азербайжанда инфраструктуралык долбоорлорду, Баку-Бишкек-Баку авиарейсин жандандырууну, Кыргызстандын Маданият күндөрүн Баку шаарында жана Азербайжандын Маданият күндөрүн Бишкек шаарында  өткөрүүнү талкуулашты.

Мындан тышкары, Кыргызстандын жана Азербайжандын тышкы саясат ведомстволорунун башчылары эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну, анын ичинде эки өлкөнүн талапкерлерин алдыга жылдыруу маселелеринде өз ара колдоо көрсөтүүнү, ошондой эле Түрк мамлекеттеринин уюмунда, ТҮРКСОЙ жана башка эл аралык уюмдарда өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашышты.

Ошондой эле, эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелерди, Ооганстандагы, Жакынкы Чыгыштагы жана Украинадагы кырдаалды талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ММК өкүлдөрүнүн катышуусу менен пресс-конференция болуп өттү.

От admin