Кыргыз Республикасы эгемендик алган күндөн баштап азыркы учурга чейин 2777340 жаран транспорт каражаттарын башкаруу укугуна ээ болду.
Тактап айтсак, Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин бөлүм/секторлоруна кайрылып, квалификациялык сынактан өткөн 2777340 жаранга айдоочулук күбөлүк берилген.
Алардын 84,1 пайызын эркектер түзсө, калган 15,89 пайыздагы айдоочулук күбөлүктү айымдар алган.
Белгилей кетсек, жыл сайын автомектептерде окуп жаткан айымдардын саны өсүп, сынак тапшырып, айдоочулук күбөлүктү алып жаткандар аз эмес. Мисалы, 2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин 25368 айым айдоочулук күбөлүк алган. Ал эми 2024-жылдын 1- январынан 24-апрелине чейин 7777 айым сынактан өтүп, айдоо укугуна ээ болду.
Учурда Агенттиктин республика боюнча 33 бөлүм/секторлору элге сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүү менен алек. Ошондой эле 26 бөлүмдөн сынак тапшырып, айдоочулук күбөлүк алуу шарты түзүлгөн.
Маалымат иретинде эске сала кетсек, Бишкек шаарынын Чокан Валиханов №2а көчөсүндө жайгашкан Чыгыш бөлүмү аркылуу дем алыш күндөрү сынак тапшырып, айдоочулук күбөлүгүнүздү жаңыртып же кайра калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

От admin