Бишкек-1-Токмок жана Бишкек-2-Кайыңды поезддеринде жүрүү үчүн накталай эмес төлөмдү Бишкек-2 бекетинин кассасынан жана поездге отургандан кийин жүргүзсө болоорун Кыргыз Темир жолу билдирди. Төлөм төмөндөгүдөй жүргүзүлөт:

1. Кыргыз Республикасынын бардык банктарынын Элкарт жана VISA банк карталарын колдонуу менен;

2. Кыргыз Республикасынын бардык банктарынын банктык карталарынын мобилдик тиркемелеринин QR кодун колдонуу менен;

3. Кыргыз Республикасынын бардык электрондук капчыктарынын QR кодун колдонуу менен;

4. «ГОУБАС» мобилдик тиркемеси аркылуу.

От admin