2024-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы Элчиси Кайрат Осмоналиев менен Түрк маданияты жана мурасы Эл аралык фондунун президенти Актоты Райымкулова айымдын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар өз ара кызматташуу маселелерин талкуулашты, атап айтканда, кыргыздын чыгаан акыны Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагын кыргыз жана азербайжан тилдеринде басып чыгаруу маселеси талкууланды. Ырларды азербайжан тилине котормосун акын, манас таануучу, Азербайжандын эмгек сиңирген журналисти Адил Жамил даярдаган.

Актоты Райымкулова белгилегендей, Эл аралык фонд Кыргызстандын Азербайжандагы элчилигинин Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагын басып чыгаруу демилгесин колдоп, эки түрк элинин маданиятын жакындатууга кызмат кылат. Бул басылма эки өлкөнүн маданий карым-катнашын өнүктүрүүгө олуттуу салым болуп, түрк элдеринин каада-салттарын жана искусствосун урматтоону жана өз ара түшүнүүнү чыңдоого жардам берет.

Элчи Осмоналиев менен Райымкулова бул иш-чара Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы достук мамилелерди мындан ары да чыңдоого, ошондой эле түрк элдеринин маданий мурастарын эл аралык деңгээлде таанытууга салым кошоруна ишенимин билдиришти.

От admin