Кыргызстанда детектив жанрында сериал тартуу үчүн 17,8 млн сомго тендер жарыяланды. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымат жарыяланды.

Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаментинин «Кыргызсериал» чыгармачылык өндүрүштүк бирикмеси тарабынан бекитилген адабий сценарийдин негизинде көркөм сериалды уюштуруу жана тартуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга сынак жарыяланган.

Бул максаттарга 17 миллион 881 миң 817,8 сом сарптоо пландалууда. Ар бири 40 мүнөттөн жалпы 14 эпизод болушу керектиги белгиленген. Сериалдын жанры детектив. Иш 30-ноябрга чейин бүтүшү керек.


От admin