«Бейиш эненин таманында» тасмасы Россиянын ондогон шаарларында көрсөтүлөөрүн Маданият министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, рус тилине дубляждалган көркөм тасма прокатка 11-апрелде чыгат.

Фильмде акыл-эси жаш баланыкындай болуп калган жигит менен улгайган апасынын жылуу мамилеси, айылдагы жашоосу, алардын Меккеге сапары көрсөтүлөт. Режиссер Руслан Акун тасманы Кыргызстандан тышкары Өзбекстан, Казакстан, Түркия, Египет жана Меккеде тарткан.

Кино Казакстанда прокатка 21-мартта чыгып, рейтинги алдыңкы фильмдердин катарына кошулган. Өзбекстанда да 11-апрелде көрсөтүлөрү айтылды.

От admin