2024-жылдын 3-майында саат 05:58  чамасында Ведомстволук милиция полкунда кайтаруусунда турган дүкөндөн «айгай» белгиси берилип, аталган дарекке Ведомстволук милиция полкунун  кармоо тобу жетип барган. Барган учурда дүкөндүн айнеги ачык экенин аныктап,дүкөндү курчоого алып, нөөмөт бөлүмүнө кабарлашкан.
Кармоо тобунун кызматкерлери келип, дүкөндүн администраторунун сөзүнөн жана видеокөзөмөл камераларын карап, болжол менен 20-25 жаштардагы азиат улутундагы жигит дүкөнгө кирип, уурулук жасоого аракет кылганы аныкталган уурулук болгон учурда дүкөндө дүкөндүн кызматкерлеринин бири болгон, ал урууну кармоого аракет кылган, бирок ал кол көтөрүп каршылык көрсөтүп, дүкөндүн кызматкеринин телефонун тартып алып, терезеден качып кеткен.
Андан ары ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин ведомстволук багыттагы полкунун кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарындагы базарлардын биринен уурулука шектүү жаран кармалды.
Кармалган жаран Ош облусунун тургуну С.М. 2008-жылы туулган, Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлдү.

От admin