Жакшылар эч качан унутулбайт!

Мыкты тележурналист, кыргыздын патриот уулу Бейшенбек Бекешов көзү тирүү болгондо бүгүн, 2-апрелде 65 жашка чыкмак. Бейшенбек Асекович 1959-жылы 2-апрелде Түп районуна караштуу Сары-Булак айылында туулган. 1981-жылы Москвадагы М.В. Ломоносов атындагы университеттин «Журналистика» факультетин аяктаган.1988-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик энциклопедияда иштеген. 1988-жылдан тарта Кыргыз телевидениесинде кесибин уланткан. Ал өмүрүнүн акырына чейин теле тармагында КТРК, ЭлТР, NewTV каналдарында бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган.Бейшенбек Бекешов 2020-жылы 27-декабрда 62 жаш курагында дүйнөдөн өткөн. Бейшенбек досум көзү тирүү болгондо жаш журналисттерге жол көрсөтүп жүрмөк. Жаткан жериң жайлуу болсун, сен дайыма менин жүрөгүмдө жашайсың досум!Ал эми досум Нуралы Турапов көзү тирүү болсо, 66 жашка чыкмак. Ал «Көз караш», «Мыскыл жана тамаша» өңдүү ондогон мыкты көрсөтүүлөрдүн режиссеру болгон. Ыйык орозо айында нары Бейшенбектин бүгүнкү туулган күнүндө, УТРКдагы кесиптештери чогулуп, Куран окуп, эки мыкты досубузду эстедим. Жашоодо бир чындык бар, жакшылар эч качан унутулбайт..

.Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, укукчу журналист Нышанбек Кочкоров

От admin