71ba3f6b7ae9ea3c57c3dd0c71b48d5f
8 / 100

5-июль күнү милицияга Бишкектеги мектептердин биринде адам өз жанын кыйганы тууралуу маалымат түшкөн.

Октябрь РИИБ билдиргендей, ошол замат Октябрь РИИБдин кызматкерлери окуя болгон жерге жөнөп, ал жерден 1986-жылы туулган эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Текшерүү учурунда денесинен зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Бул факты Октябрь РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

«Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды»,-деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтар боюнча маркум №17 мектеп-гимназияда хореограф болуп иштеген.

Loading

От admin