0be15e45efbc35632172f72ba043a011
9 / 100

Бүгүн, 11-июлга караган түнү Новопавлока айылында жүргүнчү таксистке кол салып, 14 жолу бычак сайган.

Чүй ОИИБнин берген маалыматына караганда, Бишкектен Новопавловка айылына айдатып барган айдоочуга белгисиз адам 14 жолу бычак менен жаракат келтирген. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган.

«Такси айдоочу Бишкектин Тунгуч кичи районунан кардарды алып, андан соң аны менен Новопавловка айылына барганы аныкталган. Кардар жол киренин электрондук капчыгы аркылуу төлөгөн. Кийин жүргүнчү күтүүсүздөн бычагын алып чыгып, таксистке кол салган. Айдоочу унаадан чыгууга үлгүргөн. Таксист 14 бычактан жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Ал эми шектүү жакынкы аралыкта кармалат», — дешти милициядан. 

Loading

От admin