WhatsApp Image 2023 07 11 at 11.14.26
12 / 100

ЖКККББнын Нарын облусттук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан Нарын облусунун  аймагына туристтердин коопсуздугун камсыздоо жана  алардын эс алуусуна толук кандуу шарттарды түзүү максатында  10 даана  “QR” коду менен маалымат такталары илинип жаткандыгы тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Бул “QR” коду  аркылуу Нарын облусуна келген туристтер уюлдук телефонунан Нарын облусу боюнча кайсыл жерде эс алуучу жайлар, тамактануучу жайлар бар экендигин  жана  авто унаа тейлөөчү сервердик жерлерди ошондой эле жол карталарын көрө алышат.

Эскерте кетсек, буга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан туристтер үчүн 20 миң даана эскертме буклеттери даярдалып, баары жер-жерлерге таратылган.

Loading

От admin