Депутат Элвира Сурабалдиева буга чейин ымыркайларды ташталган жеринен тирүү таап жатышса, кечээ Сокулукта бирөөнүн сөөгү табылганын билдирди. Мындан улам ал өкмөттү беби-бокстарды уюштурууга чакырды.

“Балдарга жакшы түшүндүрүп жеткире албай жатат окшойбуз. Ким болбосун (төрөтканага) келсе төрөгөнгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Купуя болсун десе жашыруун кылып коёбуз. Анан беби-бокстарды сатып алып коюп койгула деп айттым эле, ошонун үстүндө иштейбиз”, — деди өкмөт башчы.

Беби-бокс — төрөтканада көз жарган аял өзү жөнүндө маалыматты жашырып, наристесин калтырып кетүүгө ылайыкталган куту.

От admin