Сокулук милициясынын камерасындагы суицид боюнча жооптуу кызматкерлер жазаланды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, буга чейин Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайынын камерасында кармалган адам өз жанын кыйганы маалымдалган. Буга байланыштуу кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, укук коргоо органдары тарабынан бир катар тартиптик эрежелер бузулганы аныкталган.

«Текшерүүнүн жыйынтыгы менен кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы, ишенип берилген өздүк курамдын кызматтык ишине тийиштүү көзөмөлдүн жоктугу үчүн Сокулук РИИБдин башчысы, полковник Уран Шамбетов, анын орун басары, подполковник Максат Иманалиев, нөөмөт бөлүмүнүн улук нөөмөтчүсү Тилек Дүйшөнбек уулу ээлеген кызматтарынан төмөндөтүү менен бошотулду», — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле Чүй ОИИББдин эки жетекчисине жана беш кызматкерине тартиптик жаза берилгени кошумчаланды.

От admin