Борбордук Тайвандын метеорологиялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, 3-апрелде Тайбэй убактысы боюнча саат 07:58де Тайвандын чыгыш жээгинде күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө болгон.

Жер титирөөнүн очогу аралдын чыгыш сууларында, Хуалиен округунан 18 чакырымдай түштүк-чыгышта, 35 чакырымдай тереңдикте болгон.

ТИМдин алдын ала маалыматтары боюнча, каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок. Такталган маалыматтарга караганда, учурда Хуалиен уездинде Кыргыз Республикасынын 12 жараны жашайт жана алар жер титирөөдөн жабыркаган эмес.

От admin