Жети-Өгүз РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу билдирүү келип түшкөн. Билдирүүдө, Кызыл-Суу айылынын көчөлөрүнүн биринде, таштанды таштоочу жайларынын жанында болжол менен 35-40 жаштагы азия улунтундагы аялдын жансыз денеси табылгандыгы жөнүндө билдирилген.
Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, каза болгон адамдын өздүгүн аныкташкан. Ал, 1987 ж.т. Т.К. атту жаран болуп чыкты жана сырткы кароо жүргүзгөн учурда, денесинен криминалдык тактар аныкталган.
Соттук-медициналык экспертизанын кортундусу боюнча жабыркаган адам киши колдуу болуп өлтүрүлгөн.
Аталган факт Жети-Өгүз РИИБдин КБРне катталып, КРнын КЖКнин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, райондук милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жарандын өздүгү аныкталган. Ал ошол эле айылынын тургуну 1972 ж.т. А.Б. болуп чыгып, тергөө кызматына алып келинген.
Шектүүнүн айтымында, каза болгон аял тааныш айылдашы болгон. Ошол күнү экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктин аркасынан маркумдун башына балка менен уруп, мойнун толгоп жанын кыйган жөнүндө маалымдаган. Өшондой эле, жансыз денени ашкана бөлмөсүндө тогуз күн кармап, андан кийин үйүнүн жанында жайгашкан таштанды таштоочу жайындагы бактын жанына таштап кеткен.
Жети-Өгүз райондук сотунун чечиминин негизинде шектүүгө карата тергөөнүн жүрүшүндө 2 айга камака алуу баш коргооо чарасы кабыл алынды.
Тергөө амалдары уланууда.

От admin