Борбор калаанын Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына карата митинг-реквием өттү.

Иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, тыл эмгекчилери, эмгек ардагерлери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов, мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, ошондой эле Бишкек шаардык аскер гарнизонунун аскер кызматкерлери жана шаардыктар катышты.

Иш-чаранын катышуучулары курман болгондорду бир мүнөттүк унчукпай эскерип, Өчпөс отко гүл коюшту.

Андан соң ардагерлер үчүн салттуу талаа ашканасы жана жоокер боткосу менен майрамдык концерт уюштурулду.

Маалымдама: 2024-жылдын 1-майына карата Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү органдары тарабынан административдик-аймактык реформаны эске алуу менен төмөнкүдөй каттоодо турат: 2 Экинчи дүйнөлүк согуштун майыптары, 7 Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, 6 концлагерлердин жашы жете элек туткундары, 9 Ленинград блокадасынан аман калгандар, 77 тыл жумушчулары, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин 1 үй-бүлөсү, Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары менен Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын 242 жесирлери.

От admin