Бүгүн, 2-апрелде Кыргызстанда алгачкы ирет түзүлө турган заманбап балет труппасы боюнча маалымат жыйын өттү.

Ага Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын директору Кыргызбай Осмонов жана белгилүү орусиялык хореограф, «Тодес» эл аралык балетинин негиздөөчүсү жана көркөм жетекчиси Алла Духова катышты.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө жаңы заманбап балет труппасына мүчө болуу үчун жарыяланган кастингдин шарттары, критерийлери боюнча кеңири айтылды. Ошондой эле Алла Духова ММК өкүлдөрүнүн кызыккан суроолоруна жооп берди.

Белгилесек, Алла Духованын төрагалы алдында өтө турган кастинг 3-4-апрель күндөрү саат 13:00до Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайында өтөт.

Кастингге заманбап бий көндүмдөрү, көркөм гимнастика, хип-хоп, брейк данс жана башка бийдин түрлөрүнө шыктуу болгон 18-25 жашка чейинки улан- кыздар катыша алышат. Жарандык чектелбейт.

Учурда кастингге катышуу үчүн 100 жакын улан-кыз билдирме толтурушкан.

Тандоо комиссиянын курамы:

— Алла Владимировна Духова- белгилүү орусиялык хореограф, «Тодес» эл аралык бий балетинин негиздөөчүсү жана көркөм жетекчиси, комиссиянын төрагасы;

-Тентимышов Болот Аскарбекович – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын көркөм жетекчиси, комиссиянын төрагасынын орун басары;

Мүчөлөрү:

— Канат Надырбек — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет театрынын башкы балетмейстери;

— Бакаева Айнура Ахметжановна – Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын кадрлар бөлүмүнүн башчысы;

— Нургалиева Анаркүл Кабылбековна — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Кыргыз мамлекеттик “Ак марал” бий ансамблинин көркөм жетекчиси;

— Миңжилкиева Азиза Умаровна-Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын окутуучусу;

-Белоус Екатерина Андреевна – режиссёр- хореограф, Россиянын Театралдык искусство институтунун – ГИТИСтин балетмейстер факультетинин магистри;

-Кузнецова Татьяна Александровна – Кыргыз Республикасынын контемпорари жана модерн спорт искусствосу федерациясынын президенти, “BStyle dance” заманбап бий студиясынын жетекчиси;

— Корниенко Наталья Юрьевна-«Таберик» балдар музыкалык театрынын педагог-хореографы.

От admin