Бишкек шаарында «этностан» маданий борбору тарабынан уюштурулган Кара Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгына жана Кызыл-Суу кыргыз автономдуу облусунун 70 жылдыгына арналган “Кыргыздын Манасы, адамзаттын айкөлү” аталышындагы конференция өттү.
Аталган иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, КР президентинин администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Кыял Жанузакова, КР президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев, КР президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова, маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу баштаган бийлик өкүлдөрү, экс-депутат Адыл Жунус, “Манас” Улуттук Академиясынын, Улуттук “Манас” театрынын, “Мурас” фондунун жана Аздек-Дүйнө фондунун жетекчилери, илимпоздор, манасчылар, төкмө акындар, журналисттер, блогерлер, ошондой эле, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан жана түркиялык кыргыздардан атайын баяндамачылар жана өкүлдөр катышты.
Ал эми Улуттук «Манас» театрынын өнөрпоздору манас айтып, төгүп, ырдап жыйынды көркүнө чыгарышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Улуттук комиссиянын төрагасы М.Мураталиев уюштуруучуларга ыраазылык билдирип, Улуттук комиссия тарабынан “Манас” эпосуна арналып чыгарылган китептерди белекке берди.

Конференцияда Манас эпосу кеңири талкууланып, кылымдар бою кыргызды бириктирген эбегейсиз орду айтылды. Манас кыргыздын рухунун туу чокусу болсо, адамзаттын эбегейсиз маданий баалуулугу экени, аны татыктуу деңгээлде даңазалоо үчүн тиешелүү иштер аткарылышы керектиги белгиленди.
Муну менен катар, этникалык кыргыздардын маданияты, Манас эпосун кантип сактап келе жатышканы тууралуу докладдар окулуп, тарыхы тууралуу маалыматтар берилип, учурдагы абалы жана келечеги жөнүндө талкуу болду.
«Этностан» маданий борбору 2021-жылы кытайлык кыргыз Каныбек Толкун уулунун демилгеси менен негизделген. Бирикменин максаты маданий-гуманитардык байланыштарга көпүрө болуу. Этникалык кыргыздарды колдоо, маданиятын таанытуу жана жайылтуу.

От admin