Балыкчы РИИБнин кызматтык унаасынын катышуусундагы резонанстуу жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери уланып, айдоочу жашы жете элек Ф.Акунованы жөө адамдар өтүүчү жерден сүзүп кеткен. Жогорудагы кылмыш иши боюнча Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Осмонбаев Бектур Казакович КР Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмышка шектүү катары кармалып, Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин КР УКМК маалымдайт. Кылмыш иши боюнча дагы бир шектүү, Балыкчы РИИБнин башчысы Б.Осмонбаевдин бир тууган агасы Казаков Бекзат Казакович Ысык-Көл облусунун ИИБнын участкалык инспектору болуп иштеп келген. Аталган жаран кылмышка шектүү катары КР УКМК тарабынан кармалып, Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

От admin