Маркум криминалдык авторитет К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү тарабынан жасалган, курал-жарактардын жана жардыргыч заттардын арсеналы менен катылган жашыруун жай табылды.
Такталган боюнча, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында жайгашкан, көрүстөндүн аймагындагы жогоруда көрсөтүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, мүрзө таштарынын биринен эки боз полипропилен баштык табылган.
Табылган баштыкты текрерүү учурунда, ар кандай ок атуучу куралдар, ар кандай калибрдеги тапанчалар, Калашников автоматы, кесилген жылмакай куралдар, ок-дарылары менен жана жардыргыч заттар табылып алынды.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жогоруда аталган курал-жарактар алынып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлөт.

От admin