Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде, анын ведомстволук бөлүмдөрүндө 1 миллард 251 миллион 455,6 миң сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталгандыгын Эсептөө палатасы билдирди.

Маалыматка караганда, 27-январда Эсептөө палатасынын кеңешинин отурумунда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде, анын ведомстволук бөлүмдөрүндө жана Министрликтин карамагында турган мамлекеттик ишканалардын 2021-2022-жылдар аралыгына карата бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчету каралган.

Жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктарынын натыйжасында төмөндөгү финансылык тартип бузуулар, аныкталды. Атап айтканда:

📌Аудиттин жүрүшүндө, жалпы, 1 миллиард 251 миллион 455,6 миң сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталды. Анын ичинен:

🔹Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер – 366 миллион 630,3 миң сом;

🔹мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер – 57 миллион 283,3 миң сом;

🔹эсептин жана отчеттуулуктун тартибин бузуу – 214 миллион 824,1 миң сом;

🔹мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын бузуулар – 612 миллион 670,5 миң сом;

🔹ченемдик укуктук актылардын жана эл аралык келишимдердин кагылышуусу жана процессуалдык бузулушу –  47,4 миң сом.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан жол мунай битумунун сатып алынышы боюнча аудиттин тиешелүү материалдарын укуктук баа берүүүчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жөнөтүлөт.

От admin