Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлерине Ак-Суу районунда жергиликтүү тургун үйүндө карышкырды кармап жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Маалыматты Ысык-Көл ОИИБ билдирди.
Аталган маалыматты текшерүү учурунда, милиция кызматкерлери тарабынан жарандын өздүгү жана жашаган жери аныкталган. Ал, Челпек айылынын 29 жаштагы тургуну А.Э. болуп чыкты жана анын короосунан беш айлык карышкырдын бөлтүрүгү табылган. Жырткыч Каракол шаарынын зоопаркына өткөрүлүп берилди.
«Бул факты Ак-Суу районунун ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, жапайы жаныбардын жергиликтүү тургунжун үйүндө кандай пайда болгондугу такталууда»,-деп айтылат маалыматта.

От admin