Сузактагы балдар катышкан кырсыкта жабыркаган 10 жабырлануучунун абалы жакшырып бара жатат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Бишкектеги №3 балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда төрт бала жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которулууда. Алардыга жаагы жана баш сөөгү сынгандыктан операция жасалган.

«Ошондой эле буту сынган бир жабырлануучуга операция жасалуу алдында турат, анын буту шишип кеткендиктен операция жылдырылган. Учурда ооруканага жаткырылгандардын бардыгынын абалы туруктуу, абалдары жакшырууда», — деп кошумчалады оорукананын башкы дарыгери.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, Жалал-Абад облусундагы ооруканаларда 9 бала дарылануудан өтүүдө, алардын абалдары дагы жакшы.

Эскерте кетсек, Сузак районунда манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынак учурунда токтоп турган унаа ордунан жылып кетип, балдарды тебелеп кеткен. Натыйжада 9 жаштан 16 жашка чейинки 32 бала жабыркап, 18и ооруканага жаткырылган.

От admin