2024-жылдын 24-январында кытайлык China Southern Airlines авиакомпаниясы Пекин-Бишкек-Пекин багыты боюнча туруктуу авиа каттам ачууну максат кылууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Манас» эл аралык аэропортунан Пекин шаарына үзгүлтүксүз каттамдар биринчи жолу аткарылат.

Жаңы багыт боюнча каттамдар жумасына үч жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат.

От admin