Кыргыз Республикасынын грек-рим, кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Түркиядагы Олимпиада оюндарына жолдомо берген Дүйнөлүк лицензиялык турнирге катышат.

Грек-рим күрөшү боюнча Азат Салидинов (87 кг), Үзүр Жусупбеков (97 кг) жана Роман Ким (130 кг), кыз-келиндер күрөшү боюнча Сезим Жуманазарова (57 кг), ал эми эркин күрөш боюнча Орозбек Токтомамбетов (74 кг), Атай Изабеков (86 кг), Андрей Аронов (97 кг) жана Айаал Лазарев (125 кг) катышат.

Мелдештер Түркиянын Стамбул шаарында 9-12 май күндөрү өтөт. 9-10-майда грек-рим, 10-11-майда кыз-келиндер жана 11-12-майда эркин күрөш боюнча балбандар арасында таймаштар болот.

Бул мелдеште ар бир салмакта үчтөн балбанга Олимпиадага жолдомо берилет: эки лицензияны финалга чыккан спортчулар алат жана коло байгеге алган эки спортчу беттеш өткөрүп, жеңүүчүсү үчүнчү жолдомонун ээси болот.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк лицензиялык мелдеш Олимпиадага жолдомо ойнотулган акыркы турнир. Бул мелдештен кийин Олимп оюндарына бара турган балбандардын аттары белгилүү болот.

Учурда Кыргызстандын куржунунда Олимпиада оюндарына жалпы 9 лицензия бар.

От admin