“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасы коомдук транспорттун жаңы схемасын бекитти.

Бишкек мэриясы билдиргендей, эми Киев көчөсү менен каттаган №42 жана №103 автобустук каттамдар Чүй проспектиси менен жүрө баштайт.

Эскерте кетсек, буга чейин Чүй проспектисинин Ибраимов  көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгүндө кичи автобустук каттамдардын кыймылы толугу менен альтернативалык көчөлөргө — Киев, Токтогул, Фрунзеге багытталган.

От admin