АКШ бийлиги Украинага 150 миллион долларлык аскердик жардамдын кезектеги топтомун бөлдү.  Анын ичинде абадан коргонуу жабдуулары, артиллериялык снаряддар жана танкка каршы ок-дарылар бар.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен белгилегендей, жаңы пакетке: NASAMS системалары үчүн ракеталар, HIMARS үчүн GMLRS ракеталары, AIM-9 Sidewinder абадан коргонуу системалары үчүн ракеталар, танкка каршы TOW ок-дарылары, 155 жана 105 калибрдеги артиллериялык снаряддар, Stinger зениттик ракеталары, Javelin ракеталык комплекстери, 2 миллиондон ашык ок-дарылар кирет.

Украинага мурда берилген 200 миллион долларлык аскердик жардам топтомунда жогорку тактыктагы авиациялык ок-дарылар, танкка каршы куралдар жана орусиялык учкучсуз учактарга каршы жабдыктар болгон.

Орусия Украинага толук масштабдуу кол салгандан бери АКШ Киевге 43,9 миллиард доллардан ашык курал-жарак жана техникалык жабдууларды берди.

20-октябрда АКШнын президенти Жо Байден Конгресстен коопсуздук программаларын каржылоо үчүн 106 миллиард доллар сураган. Анын 75 миллиард доллардан ашыгы Украина менен Израилге жардам берүүгө багытталган.

Ак үйдүн билдирүүсүндө белгиленгендей, Украинанын муктаждыктарына 61,4 миллиард доллар бөлүү пландалууда. Бул каражат өлкөнүн аскердик техникасын толуктоого, АКШдагы украиналык качкындарды колдоого жумшалат.

От admin