2023-жылдын 22-октябрынан 28-октябрына чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу өттү.
КР министрлер кабинетинен билдиришкендей, бул ирет тараптардын жолугушуусу Баткен облусуна караштуу Баткен шаарында өткөн (КР).
Тараптар калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгын сыпаттоо маселелерин талкуулашкан.
Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.
Жумушчу топтун кийинки жолугушуусу Тажикстандын аймагында өтөт.

От admin