Газа секторуна урулган аба соккуларынан казакстандык аял менен анын кызы (Пакистандын жараны) каза болду. Бул тууралуу 23-октябрда казак Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, казакстандык аял Газа тилкесинде Пакистандын жаранына турмушка чыгып, көп жылдан бери ошол жакта жашаган.

Жакынкы Чыгышта жаңжал башталгандан бери Казакстан аймактан 124 жаранын алып чыгып кетти. ТИМ Газа тилкесинде жана Израилде жүздөгөн казакстандык бар экенин кабарлаган.

7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин шаарлары менен кошуундарына кол салып, 1 400 кишини өлтүрүп, 212 адамды барымтага алгандан кийин ЦАХАЛ Газа тилкесине абадан сокку ура баштаган.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо министрлиги Израил армиясынын аба чабуулдарынан беш миңден көп киши өлгөнүн билдирди. Бул маалыматты көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

От admin